Кыргызстанда өпкөнүн рак оорусуна чалдыккандар көбөйүүдө

  31.05.13   11:13
 259

"Улуттук онкология борборунун маалыматы боюнча, акыркы 10 жылда 40 жашка чейинкилер өпкөнүн рак оорусуна көп чалдыгууда". Бул тууралуу бүгүн, 31-майда "Тамекиге каршы күрөшүүнү күчөтүү" аттуу улуттук форумда борбордун директору Мукаш Бейшембаев билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын рак оорусуна чалдыккандардын саны 7 миллиондон 10 миллионго чейин жетет. Алардын 2 миллиону өпкөнүн рак оорусуна чалдыккандар. Бейшембаев бул дарт менен Кыргызстанда бир жылда 700дөй адам ооруй турганын айтты. Алардын 70%ы оорусу аныкталгандан кийин бир жыл ичинде каза болушат.

Ал ошондой эле ооруга чалдыккандардын саны жылдан жылга жашарып, өсүп атканын белгиледи.

"13 жаштагы кыздын да өпкөнүн рак оорусуна чалдыкканы аныкталган. Ал тамеки чеккен эмес. Балким анын ата-энеси тамеки чеккен болушу мүмкүн. Анын кесепети баласына тийген",-деди ал.

Бейшембаев ошондой эле тамекинин 80% түтүнү чылым чеккендердин жанында тургандарга терс таасирин бере турганын кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224882

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.