Футбол: "Каспий Кубогунда" Кыргызстан 0:11 эсеби менен АКШдан утулду

  31.05.13   11:19
 260

U-17 Кыргызстандын курама командасы жыл сайын өтүүчү "Каспий Кубогу" эл аралык турнириндеги экинчи матчын уяттуу эсеп менен бүтүрдү.

Азербайжан ЖМКлары маалымдагандай, кыргызстандыктар АКШ курама командасы киргизген 11 топко жооп кайтара алышкан жок. Оюн 30-майда Баку шаарынын "Байыл Арена" стадионунда өттү.

Эске салсак, биринчи матчында Азербайжан Кыргызстандын жаштар курама командасынын дарбазасына жети ирет топ киргизишкен. Кыргызстан Азербайжан жана АКШ менен А группасында бирге эле.

Бардыгы болуп турнирге 12 команда катышып жатат. Алар ич ара төрт группага бөлүнүшкөн. Группасында алдыңкы орундарды алган командалар кубок үчүн таймашын улантышат.

Жыйынтыгында эки матчты тең уттурган Кыргызстан 9-12-орунга чейинки беттештерди өткөрөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224884

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.