Митингчилер Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Каракол – Балыкчы жолун тосушту

  31.05.13   11:27
 307

Митингчилер Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Каракол – Балыкчы жолун тосушту. Бул тууралуу "ВБ"га ИИМден кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, митингчилер Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу жана Дархан айыларындагы унаа жолун тосушту. "Жеринде бардык оперкызматкерлер иштеп жатышат. Муктаждык пайда болсо, облуска дагы милиция жана атайын бөлүм кызматкерлери жөнөтүлөт", - деп ИИМден кабарлашты.

Эске салсак, 28-майда 200 жергиликтүү жашоочу аларга бейтапкана жана жол салып берүүнү талап кылып, Кумтөр алтын кенине барчу жолду тосуп алышкан. Кечээ, 30-майда алар "Кумтөр" ишканасын электрэнергиясы менен камсыздоочу Тамга айылынын жанындагы подстанцияга чабуул жасап башташкан. Аны тегерете милициялар турганына карбастан митингчилер подстанциядан Кумтөр алтын кенинин жарыгын өчүрүшкөн. 30-майдан 31-майга караган түнү митингчилерге каршы жана алардын лидерлерин аныктоо атайын оперциясы жүргүзүлгөн. Учурда "Кумтөрдү" электрэнергиясы менен камсыздоо калыбына келтирилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224885

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.