Митингчилер Барскоондо атайын кызматтын автобусун өрттөп жиберишти

  31.05.13   12:04
 274

Барскоон айылында "Кумтөр" компаниясына каршы митингге чыккандар атайын кызматтын автобусун өрттөп жиберишти.

Айылда бир канча жардыруу болгону угулуп, түтүн чыккан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыр тартуучулар жок. Көчөдө жаалданган жаштардын жана атчандардын саны өсүүдө. Жаш балдарды таш жана таяк алууга үндөө болууда. Атайын кызмат тартипти сактоо үчүн атайын каражаттарды колдонууда.

Эскертсек, 28-майда 200гө жакын адам мектеп жана оорукана куруп берүү талабы менен "Кумтөргө" кеткен жолду тосушкан. 30-май күнү алар "Кумтөр" ишканасы электр менен камсыздалган Тамга айылына жакын жайгашкан подстанцияга кирип келишкен болчу. Подстанциянын айланасына милиция кызматкерлери коюлган. Бирок митингчилер милициянын тосмосунан өтө тургандыктарын билдиришкен болчу. Бийлик саат 20:00дө "Кумтөр" ишканасына электр берүүнү токтото тургандыгына сөз берген. Кийин "Кумтөр" ишканасына жарык берүү токтотулган эле. 30-майдан 31-майга караган түнү Тамга айылына жакын жерде митингчилерге карата атайын операция жүрүп, чагымчылдар изделген. Учурда "Кумтөргө" электр энергиясы берүү калыбына келтирилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224889

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.