Атайын кызмат "Кумтөрдүн" Барскоондогу офисин курчоого алды

  31.05.13   12:45
 255

Барскоон айылындагы митингчилер "Кумтөр" компаниясынын Барскоон айылындагы офисине кирүүгө аракет кылышты. Атайын кызмат керектүү чараларды көрдү.

Дарыгерлер желим октордон жарат алгандарга жардам көргөзүштү. Учурда митингчилер менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Митингчилер камакка алынган эки жаранды чыгарууну талап кылууда. Алардын кайда экени белгисиз. Маалым болгондой милиция буга чейин кармалган митингчилерди бошоткону белгилүү болду.

Эскертсек, 28-майда 200гө жакын адам мектеп жана оорукана куруп берүү талабы менен "Кумтөргө" кенткен жолду тосушкан. 30-май күнү алар "Кумтөр" ишканасы электр менен камсыздалган Тамга айылына жакын жайгашкан подстанцияга кирип келишкен болчу. Подстанциянын айланасына милиция кызматкерлери коюлган. Бирок митингчилер милициянын тосмосунан өтө тургандыктарын билдиришкен болчу. Бийлик саат 20:00дө "Кумтөр" ишканасына электр берүүнү токтото тургандыгына сөз берген. Кийин "Кумтөр" ишканасына жарык берүү токтотулган эле. 30-майдан 31-майга караган түнү Тамга айылына жакын жерде митингчилерге карата атайын операция жүрүп, чагымчылдар изделген. Учурда "Кумтөргө" электр энергиясы берүү калыбына келтирилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224896

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.