"Кумтөр" кеңсесине чабуул салгандар Атамбаевдин Барскоонго келишин талап кылышты

  31.05.13   12:47
 269

Бүгүн, 31-майда, митингчилер "Кумтөр" кеңсесине чабуул коюп, Барскоон айылына Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин келүүсүн жана камакка алынгандардын баардыгын бошотуусун талап кылып жатышат.

Эгер айтылган талаптар аткарылбаса, митингчилер үч сааттын ичинде кеңсени басып алаарын жар салышты. Алар ок атуудан коркпогондорун кошумчалашты.

Бийлик өкүлдөрү каршылык акциясын өткөрүп жаткандардын талаптарын карап чыгуусун билдиришти.

Эске салсак, 28-майда 200 жергиликтүү жашоочу аларга бейтапкана жана жол салып берүүнү талап кылып Кумтөр алтын кенине барчу жолду тосуп алышкан. Кечээ, 30-майда алар "Кумтөр" ишканасын электрэнергиясы менен камсыздоочу Тамга айылынын жанындагы подстанцияга чабуул жасап башташкан. Аны тегерете милициялар турганына карабастан митингчилер подстанциядан Кумтөр алтын кенинин жарыгын өчүрүшкөн. 30-майдан 31-майга караган түнү митингчилерге каршы жана алардын лидерлерин аныктоо атайын операциясы жүргүзүлгөн. Учурда "Кумтөрдү" электрэнергиясы менен камсыздоо калыбына келтирилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224897

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.