ОМОНдун жабыркаган кызматкерлерин "Кумтөрдүн" кеңсесинен чыгарып кетишти

  31.05.13   12:58
 223

Узак убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин, таш баранга алынган ОМОН кызматкерлерин "Кумтөр" компаниясынын кеңсесинен чыгарып кетүү мүмкүн болду. Бул тууралуу "ВБ"нин кабарчысы билдирди.

Компаниянын кеңсеси милиция жана ОМОН кызматкерлери тарабынан коргоого алынды. Митингчилер объектинин территориясына киргенге аракет кылып жатышат.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кеңсенин аймагына тез жардам унаасын киргизип, жабыркаган эки кызматкерди чыгарып кетүү мүмкүн болду.

Эске салсак, 28-майда 200 жергиликтүү жашоочу аларга бейтапкана жана жол салып берүүнү талап кылып Кумтөр алтын кенине барчу жолду тосуп алышкан. Кечээ, 30-майда алар "Кумтөр" ишканасын электрэнергиясы менен камсыздоочу Тамга айылынын жанындагы подстанцияга чабуул жасашты. Натыйжасында бийлик компромисске барып, "Кумтөргө" жарык берүүнү токтотту. Бир суткадан кийин жарык берүү кайрадан калыбына келтирилген, бирок митингдер кайрадан жанданган. Барскоондогу атайын бөлүмдүн (спецназ) автобусун өрттөп салышкан, аларга жооп катары үн чыгаруучу гранаталар колдонулган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224898

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.