Беловодск психоневрологиялык интернат үйүнө телевизор тартуулашты

  31.05.13   13:44
 213

Бүгүн, 31 майда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева Беловодск психоневрологиялык интернат үйүнө барышты. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрилгинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Балдарга плазмалык телевизор, оюнчук жана кийим-кече таратылды, деп билдиришти.

Соцөнүгүү министри интернет үйүнө колунан келген жардамын берээрин абада кылды. Маалымдалгандай, иш-чара Балдарды коргоо эл аралык күнүнө арналган.

Маалымат үчүн

Интернат үйүндө мамлекеттин толук камсыздоосунда төрт жаштан 18 жашка чейинки 255 бала тарбияланат. Алардын 136сы эркек бала, 119у кыз. Интернатты камсыздоо үчүн ушул жылдын төрт айына бюджеттен 8 971,5 миң сом бөлүнгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224901

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.