Ксения Палкина Moscow Оpen-2013 турниринде финалга чыгуу беттешинде ойнойт

  31.05.13   13:52
 238

Кыргызстандан теннисчи Ксения Палкина Moscow Оpen-2013 турнириндеги жуп мелдеште жарым финалга жетти.

Эл аралык теннис федерациясынын билдиргенине караганда, Палкина менен украиналык Вероника Капшай экөө биргеликте Алена Фомина (Украина) – Полина Лейкина (Россия) дуэтин утуп алышты. Ал эми чейрек финалда түркиялык Cagla BUYUKAKCAY - Pemra OZGENди 6:0, 6:2 эсеби менен утуп алышкан.

Эми финалга чыгуу беттешинде Палкина – Капшай дуэти россиялык Ксения Кириллова менен Полина Моновойга каршы ойношот.

Эске салсак, жалгыз разрядда Палкина турнирдин негизги сеткасынан старт алып, дароо эле украиналык Валентина Ивахенкого уттурган.

Турнир (ITF) Эл аралык федерациясынын карамагында өтүп, 2-июнда аяктайт. Жалпы байге фонду – 25 миң доллар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224903

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.