"Де-факто": Кумтөргө каршы митингдерди кимдер каржылап атат?

  31.05.13   14:18
 291

"Учурда Ысык-Көл облусунда Кумтөр маселеси боюнча митинг өтүп жатат. Ага катышкандар Барскоондо Кумтөргө кеткен жолду тосуп коюшту. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, бул саясый акцияны Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Нариман Түлеев жана Эркин Бөлөкбаев каржылап атыптыр", -деп жазат "Де-факто" гезити.

Гезиттин булагынын берген маалыматы боюнча, бирок аталган саясатчылар жергиликтүү элден бул митингдин өтүшүнө өздөрүнүн тиешеси бар экендигин жашырууда. Себеби, митингге чыккан эл муну билип калса, каршылык акциясы дароо токтойт имиш. "Анткени көлдүктөр бул саясатчылар коюлган талаптарды чындап эле элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, калкты куурчак катары ойношорун жакшы билишет дешет" деп жазат "Де-факто".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224905

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.