Аламүдүн районунда мас айдоочунун айынан жүргүнчү каза болду

  31.05.13   16:28
 239

Аламүдүн районунда мас айдоочунун айынан жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ниссан-Патфайндер" машинасынын 45 жаштагы айдоочусу мас абалында катуу ылдамдыкта кетип бараткан машинаны башкара албай жол жээгинде турган бакты сүзгөн. Айдоочу алган жаракатынан улам жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Машинанын ичиндеги 54 жаштагы Бишкектин тургуну эсине келе албай, кырсык болгон жерден каза болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224912

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.