Жалал-Абадда өкмөттүк комиссия Батыровдун мүлкүн териштирүүдө

  31.05.13   16:51
 324

"Түштүктө 2010-жылы болуп өткөн кайгылуу июнь окуяларынан кийин улутташтырылган үч кабат Элдердин биримдиги университетинин имаратынын тагдыры чечилип жатат", - деп билдирди облустук согуш жана эмгек ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров. Окуу жана спорттук комплекстердин ээси чыр-чатак менен атагы чыккан Кадыржан Батыров болчу.

Ардагердин айтуусу боюнча,облустук борбордун жашоочуларынын бул имараттарды кантип колдонуу боюнча бир нече пикирлери бар. Бирөөлөр жаштарга олимпиядалык резерв спорттук мектебине берүуну сунуштаса, башкалары - облустук жана шаардык милицияны жайгайштыруу керектигин айтат. Ошондо азыр тартип сактоо органдары ээлеп турган бала бакча жана профлицейдин имараттары бошойт.

"Калк, өзгөчө улуу муун, бир жакшы бейтапканага муктаж. Мына ушул улутташтырылган мекемеде дарылоочу жайды ачыш керек", - дейт ардагер Адыш Кочкоров.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224913

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.