БШК Урмат Аманбаеваны депутаттык мандатынан ажыратуудан баш тартты

  01.07.13   08:26
 210

Борбордук шайлоо комиссия "Республика" фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеваны мөөнөтүнөн мурда депутаттык кызматынын ажыратуудан баш тартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Боршайкомдун мүчөлөрү жеке ишкер Тилек Жаныкеевдин депутатты мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча арызын карап, анын өтүнүчүн канааттандырган жок. Себеби, доочу берген материалдарга ылайык Аманбаева Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталып атканда жана азыркы учурда ишкердик менен алектене тургандыгы аныкталган эмес",- деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 11-мартта БШКга жеке ишкер депутат Аманбаеваны мөөнөтүнөн мурда бошотууну талап кылып, арыз менен кайрылган. Анын арызына ылайык, эл өкүлү Аманбаева жеке ишкер Жаныкеевге тийиштүү делген имаратты тартып алууга аракет кылган. Анын имаратын Аманбаева 5 жылдан бери ижарага алып келгендиги айтылат.

Өз кезегинде Аманбаева мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырбай турганын "ВБ"га билдирди.

"Өз каалом менен депутаттык мандатты тапшырып бербейм",- деди эл өкүлү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226658

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.