Чолпон-Атада коомдук тартипти камсыздоо үчүн милициянын көзөмөлү күчөтүлдү

  01.07.13   10:04
 300

30-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында укук коргоо органдарын бөлүү боюнча салтанат болуп өттү.

Быйыл жай айында Ысык-Көл облусунда коопсуздук кантип сактала тургандыгы боюнча Ысык-Көл облусунун ИИБинин жетекчиси, милициянын полковниги Эмил Салиев "ВБ"га айтып берди.

"Жыл башынан бери биз туристтердин жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун кантип сактоо керектиги боюнча маселенин үстүнөн иштедик. Өтө турчу иш-чаралардын планын түздүк. Азыр биз коопдук тартипти толугу менен камсыз кыла алабыз деп айта алам. ИИБдин, Ысык-Көл РИИБдин, элдик кошуундун жана ИИМ Академиясынын курсанттары бизге жардам берет",- деди ал.

Ысык-Көл районундагы көпчүлүк ден соолукту чыңдоо борборлору алардын аймагында милиция кызматкерлеринин болушуна кызыктар. Өз кезегинде ден соолукту чыңдоо борборлору милициянерлердин жата турчу жери менен тамагын камсыздап бере турганын айтышууда.

"Биз ден соолукту чыңдоо борборлору менен атайын келишим түзбөйбүз. Себеби биз коомдук тартипти сактоого милдеттүүбүз",- дейт Салиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226663

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.