Кыргызстандыктар Екатеринбургдан бекер тил курсунан окуй алышат

"Урал үйү" коомдук уюму Екатеринбургдагы Тоо-кен университети менен биргеликте орус тили боюнча бекер кустарды уюштурду.
  01.07.13   10:35
 305

Сабакка Орто Азиядан келген эмгек мигранттары тартылды. Анын ичинде Кыргызстандыктар да бар.

"Биздин университет чет элдик жарандар менен көптөн бери иштеп келе жатат. өткөн кылымдын ортосунан баштап эле биздин университетке орус тилин үйрөнүү үчүн бир гана союздагы мамлекеттерден эле келбестен, алыскы чыгыштан да келишчү. Ошол иш азыр да улантылып атат. Орусия өкмөтүнүн мигранттардын орус тилин билүүсү керек деген токтому чыккандан кийин, Тоо-кен университети тестирлөө борборун ачты. Өткөн жылдын декабрь айынан баштап тийиштүү сертификатты 600дөн ашык эмгек мигранты алды. Дагы 400ү жарандык алуу үчүн экзамен беришти",-дейт аталга универдин биринчи проректору Михаил Носырев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226665

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.