Бишкек – Торугарт жолунда катталган жол кырсыктан 3 киши каза болду

  01.07.13   10:55
 247

Кечээ, 30-июнь күнү саат 00:45 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 59-чакырымында жол кырсыгы катталган. "Ниссан-Сефиро" (мамлекеттик номери S38-87AЕ) үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол жээгиндеги даракты сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 3 жүргүнчү ошол замат каза болуп, 5 адам ар кандай жаракат менен Токмок шаардык ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге ӨКМнын Токмок шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары келген. Каза болгон адамдардын аты-жөндөрү такталууда.

Жабыркагандар:

1. Молдагазиев Айдар. 1975-ж.т.

2. Сулайманова А. 1985-ж.т.

3. Асанбекова Айнура. 1971-ж.т.

4. Айдарбеков Эркайым. 2011-ж.т.

5. Асанбеков Келдибек. 1978-ж.т.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226669

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.