Эки тайбоксчу жабык Азия оюндарындагы биринчи беттештерин жеңишти

  01.07.13   11:41
 246

Кыргызстандык эки тайбоксчу Жабык имараттардагы Азия оюндарынын алгачкы эки беттешин ийгиликтүү аякташты.

Мелдештин расмий сайтынын берген маалыматына ылайык, 54кг салмакка чейинки категорияда Амангелди Талантов Сайед Сулайман Сабу менен беттешти. Ал эл аралык олимпиадалык комитетинин атынан чыгып жаткан. Реферинин чечими менен бул беттеш кыргызстандыктын пайдасына чечилди. Себеби анын артыкчылыгы дароо байкалып турду.

Ошондой эле 57кг салмакка чейинки категорияда Данияр Кашкараев Иорданиялык Абдаллах Мухаммад Насим Самоурду 5:0 эсеби менен жеңип алды.

67кг салмакка чейинки категорияда беттешип жаткан Бекжан Матысаев алгачкы матчын кытайлык Гуо Донгвангга уттурду.

Эске салсак, жогорудагы чемпионатта Кыргызстандын намысын 22 спортчу коргоп жатат. Алар спорттун беш түрүнөн мелдешишет. Алар: сууда сүзүү, тай боксу, кикбоксинг, спорт бийи жана снукер.

Оюндар ушул күндөрү Инчхондо (Түштүк Корея) өтүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226673

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.