Кыргызстанга ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары келет

  01.07.13   12:00
 269

1-июлдан 3-июлга чейин Кыргызстанга Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Кнут Воллебек жумушчу сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлайт.

Воллебектин өлкөгө келиши жогорку комиссар катары акыркы иш сапары болмокчу. Иш сапардын негизги максаты анын жогорку комиссар болуп тургандагы улуттар аралык мамиле жаатында иштешкен кызматташтыктын жыйынтыктарын жана мындан аркы перспективаларды талкуулоо.

Жогорку комиссардын өлкөнүн бир катар расмий тараптары, анын ичинде президент, өкмөт башчы, өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусу жана Ошко баруусу күтүлүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226675

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.