Сууда сүзүүчү Василий Данилов Жабык имараттардагы Азия оюндарында 6-болду

  01.07.13   12:12
 199

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Василий Данилов Жабык имараттардагы Азия оюндарында алтынчы орунга татыды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, алдын ала 200 метрге комплекстүү сууда сүзүүдө эки кыргызстандык катышкан. Василий Данилов экинчи келип, финалга чыккан. Александр Слепченко төртүнчү болуп келип, бул дистанцияда мелдешин уланта алган жок.

Финалдык мелдеште Данилов 2 мүнөт 2.53 секунд натыйжасы менен алтынчы болуп финишке келди.

Андан тышкары Дарья Таланова алдын ала 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө үчүнчү келген, бирок финалдык мелдеште сегизинчи орунга гана илинди.

Эске салсак, жогоруда айтылган оюндарга Кыргызстандын намысын коргогонго спорттун беш түрүнөн 22 спортчу гана барды. Сууда сүзүү спорт түрүнөн беш сүзүүчү катышып жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226676

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.