Кыргызстандын Эсептөө палатасы Борбор Азия аймагында эң мыкты болуп табылды

  01.07.13   12:26
 214

Кыргызстандын Эсептөө палатасынын делегациясы Москвага жумушчу сапары менен барды жана Россиянын Эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашин менен жолугушту.

Мындан кийин КРдин Россия федерациясындагы элчиси Болот Жунусов менен биргеликте тараптар коллегиялык жыйынга катышып, анда КРдин Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча отчет каралды.

Элчиликтен кабарлашкандай, мындай текшерүүнү көптөгөн өлкөлөр өз ара мамилелеринде иш жүзүнө ашырып келет. 2012-жылдын 21-сентябрында кол коюлган меморандумга ылайык, россиялык адистер 2013-жылдын январь айынан июль айына чейин өздөрүнүн Кыргызстандык кесиптештеринин ишмердүүлүгүн изилдеп чыгууга милдеттеме алышкан.

Коллегияда Кыргызстандын Эсептөө палатасы Борбор Азия аймагындагы эң мыкты палата экени аныкталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226677

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.