ТИМ башчысы Албаниянын элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

  01.07.13   13:04
 230

Бүгүн,1-июлда КРдин тышкы иштер министри (ТИМ) Эрлан Абдылдаев КРдеги Албаниянын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Генжи Мучажанын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлайт

ТИМ башчысы менен жолугушуу маалында министр Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Ошол эле маалда Албания менен Кыргызстандын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта эки тараптуу деңгээлде кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо тууралуу сөз болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226679

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.