Кыргызстандын снукерчилери Жабык имараттардагы Азия оюндарында утулушту

  01.07.13   13:40
 212

Кыргызстандын спортчулары Жабык имараттардагы Азия оюндарында алгачкы беттештерин уттурушту.

Мелдештин расмий сайтынын билдиргенине караганда, Ызаатбек Раатбеков биринчи беттешинде ирандык оюнчу Хоссейн Айоури Вафаейге утулуп калган.

Ошондой эле Кубанычбек Сагындыков алгачкы матчында Эл аралык олимпиадалык комитетинин намысын коргоп жаткан Сундепу Гулатиге 2:5 эсеби менен жеңилип берди.

Эске салсак, жогоруда айтылган оюндарга Кыргызстандын намысын коргогонго спорттун беш түрүнөн 22 спортчу гана барды. Алар: сууда сүзүү, тай боксу, кикбоксинг, спорт бийи жана снукер. Акыркы дисциплина боюнча эки спортсмен катышкан.

Оюндар ушул күндөрү Инчхондо (Түштүк Корея) өтүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226683

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.