БатМУну аяктаган студенттердин билим деңгээли төмөн

  01.07.13   13:41
 280

Баткен мамлекеттик университетин аяктаган студенттердин билим деңгээли төмөн. Бул тууралуу коллегияда Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров айтып өттү. Ошондой эле коллегияда аталган окуу жайдын бир канча олуттуу кемчилдиктерине жетекчилер токтолушту.

2000-жылдын 25-июлунда Президенттин буйругу менен Кыргызстандын түштүк батышындагы кадр маселесин жеринде чечүү үчүн БатМУ түзүлгөн. Учурда бул окуу жайда күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрүндө 10 миңге жакын студенттер билим алышат. БатМУнун Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларында филиалдары бар. 13 жыл аралыгында бул окуу жайдын эл аралык байланыштары кеңейген. Бирок кемчиликтери көп экендиги айтылууда. Кызыл-Кыядагы филиалында учурда 60 педагог жетишпейт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226684

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.