Кара-Кулжа районуна чагылган түшүп, 355 кой өлдү

  01.07.13   13:49
 257

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Улар-Тоо жайлоосуна чагылган түшүп, 355 кой өлдү. Бул тууралу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кырсык 26-июнда болжол менен күндүзү саат 12:00дө болгон.

Аталган райондун акими Каныбек Алиязовдун "ВБ"га билдиришинче, чабандарга жаратылыш кырсыгы келтирген чыгымдын ордун төлөп берүү үчүн администрацияда акча жок. Ошондой эле, чыгымдарды төлөп берүү үчүн жогорку жактан да эч кандай тапшырма боло элек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226685

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.