Алматы - Ысык-Көл жолун куруу 2015-жылдан кийин башталат

  01.07.13   14:09
 271

Алматы - Ысык-Көл жолун куруу 2015-жылдан кийин башталат. Бул тууралуу Алматынын унаажол комитетинин жетекчисинин орун басары Амангелди Беков Tengrinews.kz сайтына билдирген.

"Бул маселе 2015-жылдан тартып карала баштайт. Учурда каттам 2005-жылы реконструкциядан өткөн узундугу 205 чакырым Алматы - Бишкек жолу аркылуу ишке ашып жатат", - деди Беков.

Анын айтымында, 2007-жылы Алматы – Ысык-Көл жолун ишке ашыруунун 3 варианты сунушталган. Биринчиси Михайлов айылы аркылуу, экинчиси Карабулак- Кемин аркылуу, ал эми үчүнчүсү Кичи-Кемин аркылуу. Бирок техникалык-экономикалык негизден өткөн эмес.

"Мегаполистин" маалыматына ылайык, 2006-жылы иштелип чыккан алгачкы долбоор, Кыргызстандын экологдорунун каршы пикиринен улам токтотулган. Алар жол улуттук деңгээлдеги эки эс алуучу жайды аралап өтө тургандыгын айтып кооптонушкан. Ошондой эле туристтер Чоң-Кемин суусуна унааларын жууп, жээкти таштандыга толтуруу коркунучу тургандыгын билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226686

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.