Донецкий көчөсүн оңдоо иштери ушул жумада башталат

Көчө кеңейтилип, жаңы арыктар коюлат.
  01.07.13   14:26
 260

Донецкий көчөсүн оңдоо иштери ушул жумада башталат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Бишкек мэри Иса Өмүркулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү аталган көчөнү оңдоо үчүн даярдык иштери башталат.

"Донецкий көчөсүн биз Набережный көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин оңдойбуз. Бул иштер үчүн 120 млн сом коротулат",- деди шаар башчы.

Белгилей кетсек, шаардагы абалы эң начар көчөлөрдүн бири саналган бул жолдон премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөндөн кийин мэр аны оңдоо үчүн май айында эле сөз берген. Ошол маалда преьмер-министр бул жолдун абалы өтө начар экенин айтып, шаардыктар такай арызданып атканын айткан болчу. Өз кезегинде Өмүркулов аталган жолду ушул жылдын аягына чейин оңдой турганын айтып, сөз берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226688

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.