Ыргал Кадыралиева: Милиция эч кимге жалдырабашы керек

  01.07.13   14:40
 204

"Биз милицияны колдоо, шарт түзүп берүү жана алардын ишинин жоопкерчилиги боюнча көп маселелерди көтөрөбүз, бирок, ачык айтышыбыз керек, алардын социалдык маселелерин чечип берүү жагын колго албай жатабыз. Милициялар эч кимге жалдырабашы, эч кимге көз каранды болбошу керек",-деди ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева жаңы конуштардын биринде ачылган аймактык бөлүмчөсүнүн иши менен таанышууга барган учурда сүйлөп жатып.

Депутат жыл башынан бери ачылып иштеп жаткан Ленин райондук ИИБнын №3 шаардык милиция бөлүмүнүн №5 аймактык бөлүмчөсүнө, Ак Ордо конушуна барып, аларга жардам иретинде кондиционер тартуулады.

Парламентарий тартип коргоо органдары көп учурда бериле турган тиешелүү жардамдарын ала албай, кызмат учурунда жабыр тарткан милиция кызматкерлерине компенсация төлөп берүү, үй-бүлөсүнө жардам кароо жагы аксап келе жаткандыгын айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаевдын маалыматында жаңы конуштарда дагы ушундай милиция бөлүмчөсүнүн 52си ачылмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226690

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.