Пакистанда эки жарылуу болду

  01.07.13   14:44
 235

Пакистанда кечээ теракттан, 26 адам каза таап, 60ка жакын адам жарадар болду. Окуя Пакистандын Белуджистан провинциясынын Кветта шаарында орун алган деп билдирди ИТАР-ТАСС. Жергиликтүү полициянын айтымында, жан кечти мечиттин жанында өзүн жардырган.

Ал учурда шийит мечитинин ичинде бир нече адамдар отурган. Алардын сырткары көчөдө өтүп бараткандар да соо калбаптыр.

Мындан бир нече саат мурда да өлкөнүн түндүк-батыш аймагы тараптагы Пешавар шаарында жардыруу болуп, ал 22 адамдын өмүрүн алып кетти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226692

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.