Фудзияма бүгүнтөн баштап туристтерди кабыл алат

  01.07.13   14:50
 213

Бүгүн таңды японияда бир нече жүздөгөн адамдар чыдамсыздык менен күтүп, күн чыгар замат "Банзай" деп кыйкырышып, Фудзиямага чыгуу сезонун ачышты. ИТАР-ТАССтын билдирүүсүндө, таңкы саат 04:40тарда тоонун башын каптап турган булут тарап кетип, күн чыккандыгын күтүп тургандарга даана көрүндү. Буга кубанган эл тоонун башындагы синтоисттик храмда ырым-жырымын өткөрүштү.

Фудзи тоосунун чокусуна 3776 метр бийиктикке үч чыйыр жол менен чыгууга болот. Төртүнчүсүндө али кар жатат, трассаны болжол менен бир аптадан кийин тазалап башташат. Жылына бул тоого 350-400 миң адам чыгат. Бирок, быйыл туристтердин чет жактан арбын келиши күтүлүүдө. Себеби, ушул июнда эле Фудзи - ЮНЕСКОнун тизмесине "сыйына турган объект жана искусство үчүн түгөнбөгөн азык бере турган булак" катары кирген.

Тоонун чокусуна чыгыш үчүн атайын альпинисттик деле шаймандардын кереги жок, бирок, көптөр үчүн кадимки эле сыноо болот. Ар бир эле адамга алты саат көтөрүлүш оңойго турбаса керек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226693

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.