Жарым жыл аралыгында кыргыз-өзбек чек арасында 16 чыр-чатак катталган

  01.07.13   14:59
 239

2013-жылдын башынан бери кыргыз-өзбек чек арасында 16 чыр-чатак катталган. Бул тууралуу бүгүн 1-июлда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Таалайбек Усубалиев билдирди.

Анын айтымында, катталган эки чыр-чатакта курал жарак колдонулган.

"Бул факты боюнча иш алып барып жатабыз. Бирок бир тараптан гана көңүл буруу болуп жатат", - деди Усубалиев.

Ошондой эле жыйында тиешелүү органдар чек аранын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди. Чек араны тактоо маселеси боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Кыргызстан жана Казакстан делимитация жана демаркация маселесине байланыштуу макулдашууга 2014-жылы кол коё тургандыгын маалымдады. Ал эми коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов Талас эли бул маселени чечүүнү ылдамдатууну суранып жаткандыгын кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226695

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.