Топ-лига: "Алга" өлкө чемпиону "Дордой" менен бирдей эсепте ойноду

  01.07.13   15:04
 297

Өткөн дем алыш күндөрү Топ-лига командалары арасында Кыргызстандын чемпионатынын 11-турунун алкагында 4 матч өткөрүлдү.

Бишкектеги "Дордой" стадионунда нарындык "Ала-Тоо" менен кочкораталык "Нефтчи" беттешип, анда нарындыктар 2:0 эсеби менен утуп кетишти.

Кийинки матчта оштук "Алай" жаш "Ысык-Көл" командасын 3:0 эсеби менен жеңсе, ошол эле күнү Кантта, "Абдыш-Ата" "Манаска" 14 жоопсуз топ салды.

Акыркы матчта учурдагы өлкө чемпиону "Дордой" "Алга" менен беттешип, эсеп 1:1 болду. Натыйжасында "Алга" тобу "Дордойго" турнирдик таблицада алдыга озуп чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берген жок.

11-турдун жыйынтыгы менен оштук "Алай" 24 упайы менен лидер болуп келет. Андан үч упайга азыраак учурдагы өлкө чемпиону "Дордой" топтоду. Акыркы жеңиши менен "Абдыш-Ата" "Ала-Тоо" менен упайларын теңдеди (18 упай), бирок канттыктар дагы эки оюнун өткөрө элек.

Топ-лиганын кийинки матчтары өлкөнүн түштүгүндө "Алай" менен "Дордой" беттешсе, Кочкор-Атада "Нефтчи" "Манаска" каршы ойнойт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226696

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.