Кабулда жан кечти ок жеди

  01.07.13   15:02
 238

Бүгүн эртең менен Кабулда террорист-жан кечти атылган. Бул туурасында жергиликтүү, афганистандык массалык маалымат каражаттары билдирди. Маалыматтарда, окуя Улуттук коопсуздук Башкармалыгы (УКБ) жайгашкан шаардын борборундагы Седарат аянтында болгон.

Маалыматтарга караганда, афгандык атайын кызматтардын кийимин кийген жан кечти УКБнын аймагына кирүүгө аракет кылып, бирок, аны байкап калган күзөттөгүлөр ок чыгарган. Муну ИТАР-ТАСС билдирди. Бул маалыматты бир аз убакыттан кийин аталган башкармалык тастыктады.

Жыл башынан тарта Улуттук Коопсуздук Башкармалыгына кирүүгө аракет кылган ушул сыяктуу окуялар арбын катталып, 35 адам окко учкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226697

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.