Фейсбуктун негиздөөчүсү Цукерберг гей-парадды жетектеп чыкты

  01.07.13   15:26
 221

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг Сан-Францискодо биринчи ирет гей-парадга катышты. Дүйнөдөгү эң ири социалдык тармактын негиздөөчүсү менен бирге сексуалдык азчылыктын өкүлдөрүн колдоп, 700гө жакын кызматкерлери кошо чыгышты деп билдирди Techcrucnch.

Цукерберг парадда сексуалдык азчылыктарды колдогон Фейсбук колоннасын жетектеди. Аталган компаниянын кызматкерлери мындай иш чарага катышып келишкен, бирок, буга чейин Цукерберг алардын арасында болгон эмес деп маалымдады Вести.ру. Фейсбуктун борбордук кеңсесинде да сексуалдык азчылыктардын укугун коргогон атрибуттар илинген.

Маалымат үчүн айта кетсек, июндун аягынан тарта бир жыныстуулардын баш кошуусу үчүн расмий уруксат берилген. Бул күндүн ичинде алардын бир нечеси баш кошууга үлгүрүштү. Учурда алар АКШНын 50 штатынын ичинен 13үндө никеге тура алышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226699

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.