Бекматов: Акун кызматтан кетүүсүнө байланыштуу сотко кайрылганга укугу бар

  01.07.13   15:40
 221

"Турсунбек Акун кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгына байланыштуу сотко кайрылганга укугу бар. Аны мындай укуктан эч ким ажыратпайт. Эгерде сот Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарса биз ага баш ийебиз". Мындай пикирин бүгүн, 1-июлда "Республика" фракциясынын маалымат жыйынында акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, жаңы акыйкатчы шайлангыча Акун милдетин аткаруучу кызматта калат.

Эскерте кетсек, 27-июнда парламенттин жалпы жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акунду ээлеген кызматынан бошотуу маселеси каралып, көпчүлүк эл өкүлдөрү бул сунушту колдоого алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226700

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.