Премьер-министр салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

  01.07.13   16:09
 230

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүнөн билдирди.

Куттуктоодо төмөндөгүдөй деп айтылат:

"Урматтуу салык кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – салык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Салык кызматынын кынтыксыз жана ийгиликтүү иштешине мамлекет үлкөн үмүт артаарын жакшы билесиздер. Анткени, салыктар казынага канчалык көп түшсө, калкты социалдык жактан коргоо да жакшырат жана мамлекеттик инвестициялык программалар да ошончолук ойдогудай деңгээлде жүзөгө ашырылат.

Ошондуктан, республиканын салык кызматына учурда чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Ал өлкөнүн экономикасы үчүн зыяндуу коррупцияга жол ачкан жазалоочу органга айланбай, тескерисинче, бизнес жана ишкерлер чөйрөсү менен эриш-аркак иш жүргүзүүгө чакырылган.

Акырында, биргелешкен күч-аракетибиз аркылуу, буюрса, бизнес менен ишкерликке, инвестицияларды тартууга жагымдуу жагдай-шарт түзүп, калкыбыздын жашоо-турмушун ойдогудай жакшыртабыз деген терең ишеничимди билдирем.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм; кесиптик кызмат-иштериңиздерде Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да үзүрлүү эмгектене беришиңиздерге чын дилимден тилектешмин!",-дейт пермьер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226702

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.