Кыргызстан өзбек чек арачыларынан балдарды жана аялдарды атпоону суранды

  01.07.13   16:03
 258

Кыргыз тарап Өзбекстандын чек арачыларына күндүз балдар жана аялдар тарабынан чек ара бузуу каттала турган болсо, аларга карата курал колдонбоо боюнча кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда өкмөт үйүндө болгон маалымат жыйында коргоо коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

"Биз өзбек тарапка тийиштүү келишимге кол коюуну сунуштадык, бирок бизге жооп берише элек. Аталган маселе каралуда",- деди ал.

Мамытов өзбек тарап Баткен облусунун тургуну Өзбекстандын чек арачылары тарабынан атылып өлтүрүлүшү боюнча ишти бирге иликтөөдөн баш тартканын айтты. Учурда тараптар аталган маселе боюнча өз алдында иликтөө жүргүзүүдө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Таалайбек Усубалиев өзбек тарап аталган инцидент боюнча 4-июлда жолугушууга келүүгө сөз бергенин кошумчалады.

КР өкмөтүнүн чек араны тактоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров окуя болгон жер 2008-жылы эле өкмөттөр аралык комиссиянын деңгээлинде эле чечилгенин кошумчалап, ал жер Кыргызстандын аймагы экенин билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226703

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.