Евробиримдик менен Япония АКШны тыңшоо чатагы боюнча жарга такады

  01.07.13   16:15
 180

ЦРУнун экс-кызматкери Сноуден АКШнын дүйнөдөгү бардык телефондор менен электрондук каттарды аңдыгандыгын, керектүү делген маалыматтарды окуп тургандыгын коомчулукка жарыялап жибергенден кийин, аталган өлкөгө дооматын айткандар улам арбып барат.

АКШны бул ирет Евробиримдик (ЕБ) менен Япония жарга такады. Басылмаларга чыгып кеткен маалыматтардан улам, эми алар чет элдик элчиликтердин, дипломатиялык миссиялардын жана ЕБнын жогорку жетекчилеринин телефондору менен электрондук почталарын аңдып окуу боюнча түшүндүрмө беришин талап кылды. Жекшемби күнү британдык "Гардиан" басылмасы Сноудендин маалыматтарына таянып, АКШ 38 элчилик менен дипломатиялык миссияларды тыңшаган жана каттарын аңдып окуган деп билдирген.

Ал эми АКШ өкмөтү бул суроолорго ЕБнын дипломатиялык каналдар боюнча талабына жооп берүүгө убада берди. Бирок, билдирүүдө АКШ бул боюнча эл алдында ачык айтуудан баш тарткандыгы жазылган деп билдирет ИТАР-ТАСС.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226704

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.