ИИМ: Елена Аилчиевага карата соттун чечимин аткарабыз

  01.07.13   16:42
 211

"Эгерде сот Жол кайгуул кызматынын кызматкери Елена Аилчиеванын майор жана подполковник наамын алып салуу чечимин күчүнө киргизсе, биз аны аткарганга милдеттүүбүз". Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда "ВБ"га ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин райондор аралык соту Аилчиеванын наамдарын кайтарып берүү чечимин чыгарган.

"Бирок ИИМ соттун чечими менен макул болобу же жокпу билбейм", - деди Абдраимов.

Эскерте кетсек, быйыл жыл башында Елена Аилчиеванын бою ИИМдин ички тартиптерине туура келбей калгандыктан анын майор жана подполковник наамы алынып салынган. ИИМдин буйругуна ылайык, ички иштер органдарында иштеген эркектердин бою 170 см, ал эми аялдардын боюу 165см болуусу керек. Ал эми Аилчиеванын боюу 163,5 см болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226705

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.