Женифер Лопес президентти куттуктап ырдап, сынга кабылды

  01.07.13   16:51
 334

Атактуу ырчы жана актриса Женифер Лопес президент Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө Түркмөнстанга келип, аны куттуктап ырдап кеткен. Алардын арасында ырчы "Урматтуу президент, туулган күнүңүз менен!" деген да ырды аткарган. 29-июнда Түркмөн башчысы 56 жашка чыккандыгын майрамдаган эле.

Бирок, көп өтпөй ырчынын мындай кадамына нааразы болгон укук коргоочулар, Адам укугу боюнча фонд аны айыптап чыкты деп билдирди РИА Новости. Ал тургай ырчы активдүү катышып, Мексикадагы аялдардын укугун коргоо боюнча иштеп жүргөн Amnesty International программасынын жыйынтыгын жокко чыгарып салды дешти.

Укук коргоочулар "Лопес кандай гана диктатордун алдында болбосун ырдап акча тапканга албетте, акысы бар. Бирок, анын бул кылгандары Мексикадагы аялдардын укугун коргоо боюнча иш алып барган Amnesty International программасына катышкан иштерин жокко чыгарды",-деп нааразы болушкан. Мындай билдирүүнү расмий түрдө укук коргоо уюмдарынын биринин жетекчиси Тора Халворссена жасаган.

Буга карата Женифер Лопестин өкүлдөрү да билдирдүү таратты. Анда ушундай сын пикирлер болорун билсе, Лопес президентти куттуктап ырдамак эместиги айтылган.

Түркмөн президентин Филипп Киркоров, Сати Казанова, "Рефлекс" тобу, Ани Лорак (Украина), Мустафа Сандал (Түркия), Нанси Аджрам (Ливан) куттуктап ырдашкан. Бирок, Женифер Лопестин келиши бардыгын таңгалдырып, бардыгы үчүн күтүүсүз болгон.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Лопестин келишин Түркмөнстанда иш алып барып жаткан Кытайлык мунайзат боюнча улуттук корпорация уюштурган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226707

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.