Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө деп шектелген кыз кармалды

  01.07.13   17:04
 236

Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө деп шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда "ВБ"га Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Оштун ИИБ кызматына бир нече кыз "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери шектүү делген үч адамдын үйүн тинтүүгө алышкан.

Анын жыйынтыгында 1993-жыл туулган кыздын үйүнөн "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна таандык болгон китептер, 25 DVD дисктер жана ар кандай баракчалар табылган.

Ал эми анын тууганынын үйүн текшерүү учурунда 24 компакт-диск, 14 ар кандай баракчалар жана "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна таандык болгон 11 китеп табылган.

Алардын айтымында, кыздар аталган уюмга мүчө болгондоруна бир жылдан ашып калган. Учурда алар ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226709

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.