Centerra директорлор кеңешинин 3-мүчөсүн 29-июлда тандайт

  01.07.13   17:19
 203

29-июлда Торонтодо Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин жыйыны болот. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда "ВБ"га компаниянын жетекчилигинде иштеген жеке булактар билдирди.

"Жыйында директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү дайындалат. Тактап айтканда, кеңеш "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчисинин экономика жана финансы маселелери боюнча орун басары Кылычбек Шакировдун талапкерлигин карашы керек", - дейт жеке булак.

Белгилей кетсек, Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлеринин жыл сайын Торонтодо өтүүчү жыйынында 10-май күнү 12 адамдан дректорлор кеңешинин мүчөлүгүнө 10 адам тандалып алынган. Кеңешке Кыргызстандан Карыбек Ибраев жана Амангелди Муралиев кирген.

Эскерте кетсек, директорлор кеңешинин 12 мүчөсүнүн үчөө кыргыз тараптан болуусу шарт жана анын бирөө көз карандысыз болуусу керек.

Эскерте кетсек, компаниянын 32,75% акциясы Кыргызстанга таандык.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226711

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.