Атамбаев "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду

  01.07.13   17:51
 281

Бүгүн,1-июлда, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу перзиденттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анда 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы мамлекеттин ишинин маанилүү артыкчылыктарынын бири катары натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү милдетин алдыга коё алгандыгы жана коомдун азыркы абалы жана Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоо максаттары жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо менен, мамлекеттик тил этностук таандыктыгына карабастан бардык кыргызстандыктар үчүн бириктирүүчү тил болушуна жетишүүнү талап кылынгандыгы жазылган.

"Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктары мамлекеттик кыргыз, расмий орус, ошондой эле дүйнөдө кеңири колдонулган эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын муунун тарбиялоо зарылдыгын пайда кылат.

Бирок бүгүнкү күнү тил саясатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси өтө курч турат. Эгемендик жылдары Кыргызстанда аны колдоо боюнча бир катар чаралар көрүлгөн, бирок дурус жылыштар менен катар мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн, анын ичинде мамлекеттик башкарууда кеңейтүү темпинде артта калуу байкалат. Өлкөнүн дээрлик бардык билим берүү мекемелеринде окутулуп жаткандыгына карабастан кыргыз тилин ал эне тили болуп саналбаган адамдардын ондон бир бөлүгү гана билет. Бул мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү зарылчылыгы жөнүндө коомдо кызуу талаш-тартыштарды жаратууда",- деп белгиленген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226715

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.