МККнын кызматкери казакстандык олигарх Мухтар Аблязовго эки паспорт берген

Экинчи документке ылайык, эми Аблязов Мурат Салиевич Жамалов да болушу мүмкүн.
  02.07.13   08:44
 350

Казакстандык качкын олигарх Мухтар Аблязовго Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) эки паспорт берген. Биринчиси – Нурдин Бекович Осмоновдун атына, экинчиси – 1965-жылы туулган деп Мурат Салиевич Жамаловдун атына берилген. Бул тууралуу кечээ, 1-июлда редакцияга МККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жасалма документтерди Аламүдүн районунун паспорт-виза жана каттоо кызматы бөлүмүнүн ага адиси Нуржамал Усенова берген.

"Анкетаны толтуруу учурунда паспорт-виза жана каттоо кызматынын жасалма мөөрлөрү колдонулуп, бөлүм башчынын жана адистин жасалма колу коюлган. Ушул эле мөөр паспорт жасоо үчүн жиберилчү реестрге да колдонулуп, бөлүм башчынын жана аткаруучунун жасалма колдору коюлган",-деп билдирет басма сөз кызматы.

Усенова мындай схеманы буга чейин да колдонуп келген. Ал Марзи Джановна Мохаммадованын атына да жасалма паспорт жасап берген.

Учурда паспорт столунун кызматкери өз күнөөсүн моюнга алып, ээлеген кызматынан бошотулду.

"Бардык материалдар УКМКга берилди. Аламүдүн районундагы калкты каттоо департаментинин жана жарандык никени каттоо бөлүмдүн жетекчилерине аталган факт боюнча тергөө органынын ишинин жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөт",- деп билдирди басма сөз кызматы.

МККтин жетекчиси Эрлан Сапарбаев тергөөнүн жүрүшү боюнча жана мыйзам бузуучулардын фамилияларын "ВБ"га кабарлап турарын билдирди.

Эскертсек, 28-июнда "ВБ"нын жеке булактары казакстандык качкын олигарх, Казакстандын энергетика, индустрия жана соода боюнча эск-министри Мухтар Аблязовго Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы Нурдин Бекович Осмоновдун атына жасалма паспорт бергенин кабарлаган эле. Бул маалыматты МКСтин башчысы Эрлан Сапарбаев тастыктаган болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226718

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.