Бишкектин айрым райондорунда жана Чүйдүн айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт

  02.07.13   09:39
 230

Бүгүн, 2-июлда Бишкектин Чукотский, Леваневск, Матыев көчөлөрүндө, Островский кичи көчөсүндө саат 12-00дөн 17-00гө чейин, саат 9-00дөн 15-00гө чейин Матросов көчөсүнөн тарта Медеров көчөсүнөн ары Ахунбаевге дейре, Лагерная, Островский кичи көчөлөрүндө, Строительная, Леваневский көчөлөрүндө, Чокморов көчөсүндөгү № 202-көп кабаттуу үйдө, Коенкөзөв көчөсүндөгү №-8 үйдө, Энесай, Дордой, Дордой-2, Ак-Бата, Келечек конуштарында 9-00дөн 17-00гө чейин электр тармактарындагы профилактикалык иштерге байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Андан тышкары 2-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында саат 14-00дөн 17-00гө чейин жогорку вольттогу "25-лет Киргизии" трансфоматордук көмөкчордондогу профилактикалык иштерге байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Ошондой эле 2-3-июлда Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы дачаларда, Жыламыш, Белек айылдарында саат 9-00дөн 17-00гө чейин жогорку вольттогу "Маловодное" көмөкчордонундагы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу электр менен камсыз кылуу убактылуу токтотулушу ыктымал.

2-3-4-июлда Сокулук районундагы Ак-Кашат айылында 10 кВ аба электр берүү чубалгылардагы профилактикалык иштерге байланыштуу 9-00дөн 17-00гө чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу токтотулушу мүмкүн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226720

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.