Эки мамлекеттин күч түзүмдөрү казакстандык олигархка паспорт берүүнү иликтейт

  02.07.13   10:00
 284

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы казакстандын атайын кызматтары менен биргеликте Мухтар Аблязовго мыйзамсыз паспорт берүү фактысын иликтейт. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Мухтар Аблязовдун сүрөтү менен Нурдин Бекович Осмоновдун атына жасалма ID-карта жасоо фактысы боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, документти жасоого тийиштиги барлар да иликтенүүдө.

Казакстандын атайын кызматы Аблязовдуг сүрөтү менен жасалма паспорт жасалгандыгы тууралуу маалыматты тактаган.

Эскертсек, 28-июнда "ВБ"нын жеке булактары казакстандык качкын олигарх, Казакстандын энергетика, индустрия жана соода боюнча эск-министри Мухтар Аблязовго Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы Нурдин Бекович Осмоновдун атына жасалма паспорт бергенин кабарлаган эле. Бул маалыматты МКСтин башчысы Эрлан Сапарбаев тастыктаган болчу.

Кийин белгилүү болгондой Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматчысы качкын олигарх Мухтар Аблязовго эки паспорт бергени аныкталды. Экинчи паспорт Мурат Салиевич Жамаловжун атына берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226721

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.