Бакиевдер бир айда 5 миллион доллар пайда көрүшкөн

  02.07.13   10:13
 254

Өткөндө Жаныш Бакиевдин жашыруун дептери табылгандан бери азыркы жана мурдагы аткаминерлердин Алласы оозунан түшпөй, айласы кетип турган чагы. Анткени ким кайсы кызматты канча суммага сатып алгандыгы сыяктуу көпчүлүктүн бет пардасын сыйруучу иштер төкпөй-чачпай жазылган экен, - деп жазат "Фабула" басылмасы 2-июлда чыккан санында.

Басылма бул тууралуу УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов төмөндөгүдөй пикирин билдиргендигин маалымдайт: Мен ал кезде коопсуздук органдарында, башкармалыкта иштегендиктен бул тууралуу оперативдүү маалыматтар бизге белгилүү болчу. Бакиевдердин бир туугандарынын чогулткан каражаттары бардыгыныкын кошкондо айына 3,5 миллиондон 5 миллион долларга чейин чамалап барчу. Анткени казынага түшө турган каражаттын көп бөлүгү алардын чөнтөгүнө кетип турган. Миллиондогон сомдон эки эле каражат булагынан - бажы жана салык тармагынан түшүп турган. Буга эми жанагы аткаминерлерден жана ишкерлерден чогулган акча кирбейт. Аны өзүнчө чогултуп турушкан. Бакиевдер жооптуу кызматтарга өздөрүнүн адамдарын коюу менен алар аркылуу бүтүндөй көзөмөлдүктү колго алышкан",- дейт.

"Айтор Ак үй менен Көк үйдөгүлөр кыйсыпыр түшүп, Жанышка жагалданып жашылбайдарын эсептеп атышат",- деп жазат .

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226722

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.