Бүгүн тай боксчу Данияр Кашкараев Азия оюндарында алтын үчүн күрөшөт

  02.07.13   10:45
 302

Бүгүн, 2-июлда Кыргызстандык Данияр Кашкараев Жабык имараттардагы Азия оюндарында тай боксу боюнча алтын байге үчүн ат салышат.

Оюндун расмий сайты билдиргендей, Кашкараев Вьетнамдык мушкер Дуй Тран Нгуйенома менен беттешет.

Эскертсек, кыргызстандык мушкер биринчи мелдешти Иорданиялык Абдаллах Мухаммед Насим Самоур менен өткөрүп, аны жеңип алган. Жарым финалда Афганистандык спортчу Ахмат Насир Хазар менен күч сынашмак, бирок афгандык спортчу рингге чыккан эмес. Ошентип жеңиш Кашкараевге автоматтык түрдө берилген.

Тай боксу боюнча өлкө намысын үч мушкер коргошууда. Алар Данияр Кашкараев, Амангелди Талантов жана Бекжан Матысаев.

Эске салсак, Жабык имараттардагы Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогонго спорттун беш түрүнөн 22 спортчу гана барды. Алар: сууда сүзүү, тай боксу, кикбоксинг, спорт бийи жана снукер. Оюндар ушул күндөрү Инчхондо (Түштүк Корея) өтүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226725

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.