Түндүк Ирландияда өткөн үлкөндөрдүн жыйынына $115 млн кетиптир

  02.07.13   10:53
 173

Июнда Түндүк Ирландиянын Лох-Эрн аймагында өткөн "сегиздиктин" саммитине Британия өкмөтүнүн чөнтөгүнөн 75 млн фунт, башкача айтканда 114,5 млн доллар кетиптир. Бул туурасында аталган өлкөнүн Каржы департаментинин башчысы билдирди.

Анын айтымында, "сегиздиктин" өлкөлөрүнүн башчыларын кайтаруу операциясына 8 миңге жакын полиция кызматкерлери катышыптыр деп маалымдады ИТАР-ТАСС.

Мындай сандагы тартип сактоочулар менен иш-чара өтүп жаткан жерди шакекче кылып, бекем кайтарууга алышыптыр. Максат - Ирландык улутчул-республикачылардан турган экстремисттер жасап жиберүүчү теракттардын алдын алуу болгон. Уюштуруулар мындан сырткары 6,1 млн долларга темирден жасалган коргоочу дубалдарды орнотушуптур. Бул - "сегиздик" өлкөлөрдүн жетекчилери отурум өткөрүп жаткан жерди демонстранттардан коргоо үчүн жасалган чара экен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226727

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.