Жол кырсыгына кабылган "БМВ" машинасынын айдоочусу качып кетти

  02.07.13   11:03
 225

Бишкек – Торугарт жолунда жол кырсыгына кабылган "БМВ" машинасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кайгуул кызматынын инпекторлорунун айтымында, 1-июлда кечки саат 23:00дөрдө Кемин районунда катуу ылдамдыкта келе жаткан "БМВ" машинасы жол жээгинде токтоп турган "Тойота" машиансын сүзгөн.

Кагылышуунун кесепетинен "Тойотанын" ичиндеги 1996-жылкы жүргүнчү катуу жабыр тарткан. Ал дароо ооруканага жаткырылган. Жол кырсыгынын себепкери окуя болгон жерден качып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226728

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.