Бойго жете элек кызга үйлөнгүсү келген жаран кармалды

  02.07.13   11:10
 299

Токмокто жашы жете элек кызды ала качканы үчүн Кемин районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кыздын атасы кайрылган. Ал дем алыш күндөрү анын бойго жете элек кызын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айткан. Кызды үйүнүн жанынан күч менен машина салып алып кетишкен.

Изи сууй электе бул ишке шектүү делген жаран кармалган. Ал Кемин районунун 18 жаштагы тургуну болуп чыкты. Алдын ала маалыматтарга караганда ал 16 жаштагы кызды алакачып, ага үйлөнүүнү каалаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226729

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.